Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 14.08.2018 20:35

Айыл турмушу: 37 жаштагы А.Султаналиев курулуштагы жумушун таштап, бал өндүрүп жатат (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айылынын 37 жаштагы тургуну Азамат Султаналиев бал өндүрүү менен алек. Балчынын иши менен аймактык кабарчы таанышты.

Замандын агымына жараша алыскы аймакта жашаган айрым жашоочулар киреше табуунун жолдорун өздөштүрүшөт. Алардын бири А.Султаналиев мындан бир жыл мурун таанышынан 2 даана бал челек алып, бал өндүрүүнү баштаган. Учурда ал бал челектин санын онго жеткирди.

«Таанышымдан 2 бал челек алгам. Ошондон бери кызыгуум артып баштады. Андан соң 10 бал челекти өз колум менен жасап чыктым. Ошол 10 бал челектеги аарынын ар бирин 5 миң сомдон сатып алдым. Жаз эрте келсе көп бал чогултууга шарт түзүлөт. Сезон учурунда 3-4 жолу бал тартып алабыз. Быйыл ар бир челектен 55 килограмм бал тартып алдым», - деди Азамат мырза.

Буга чейин курулуш иштеринде эмгектенип, киреше таап келген А.Султаналиев мындан ары бал өндүрүү менен алектенип, бал челектердин санын элүүгө жеткирүүнү пландап жатат.

«Бал өндүрүүгө жана кирешесине кызыгып калдым. Буюрса кийинки жылы бал челектин санын элүүгө жеткирип, бал өндүрөм. Айта кетчү жагдай, балды эспарцет чөбүнөн чогултабыз. Өңү ак жана таза бал болот экен. Жакшы дагы сатылат. Ал эми кышкысын бал аарыларды кепеге багабыз. Албетте челеги менен кошо киргизип коёбуз. Акыркы тарткан балга кумшекер кошуп, аарыларды кыштата беребиз. Жаз келгенде кумшекерден сироп жасап беребиз дагы кайрадан бал чогултууга даярданабыз», - деди А.Султаналиев.

Ал 1 кг балды 200-250 сомдон сатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×