Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 04.09.2018 15:10

Түркиядагы фестивалга катышкан миң-куштуктар Афьон-Карахисардын башчысына түлкү тумак кийгизишти (сүрөт)

Turmush -  Түркия өлкөсүнүн Афьон-Карахисар шаарындагы таланттуулардын эл аралык бий фестивалына катышып келген Жумгал районунун Миң-Куш айылынын шайыр апалары менен айылдын искусство мектебинин өнөрлүү балдары шаар мэри Бурханеттин Чобанга түлкү тумак кийгизип кайтышты. Бул тууралуу Миң-Куш балдар искусство мектебинин директору Жылдыз Алышүкүрова билдирди.

Анын айтымында, фестиваль 22-30-август күндөрү болуп, ага 7 өлкөдөн барган жаш таланттар жана өнөрлүү жамааттар катышкан.

«Фестиваль абдан жогорку деңгээлде өттү. Ал жакка барууга айыл өкмөтүбүз 150 миң сом, көмүр кендеринин бири 100 миң сом беришти. Ошондой эле шайыр апалар өзүбүз жол кирелерибизди чыгардык. Баш-аягы 8 окуучу жана 8 шайыр апа бардык. Таланттуу балдардын көбү аз камсыз үй-бүлөдөн болгон соң, алардын жол киреси демөөрчүлөр тарабынан каржыланды. Андан тышкары Түркия тарап жатакана, тамак-ашын каржылап беришти.

"Миң-Куш шайыр апалар" тобу райондук сынакта 1-орунду алганда фонддордун бири аталган фестивалга катышып келгиле деп сунуштаган. Биз ал жакка 5 түрдүү улуттук кийим алып барганбыз. Өз өнөрлөрүбүздү жана бийлерибизди көрсөтүп келдик», - деди Ж.Алышүкүрова.

Миң-куштуктар кур барбай Кыргызстандын атынан шаар мэрине түлкү тумак, дагы башка өкүлдөрүнө шырылган чапан, калпак жана кыргыз балынан ала барышкан.

«Фестивалдын жүрүшүндө дайыма парад болуп турат экен. Биз жалпы жамаатыбыз менен параддан өттүк. Кыргызстанды аябай баалашты жана сый-урмат көрсөтүштү. Фестивалдын эртеси кооз жерлерде болдук жана өнөрлөрүбүздү көрсөтө алдык. Биз барган Афьон-Карахисар шаарынын мэри Бурханеттин Чобан мырзага түлкү тумак кийгизгенге үлгүрдүк. Биздин барып келишибизге колдоо көрсөткөндөргө терең ыраазычылык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×