Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 10.09.2018 13:00

Жумгалдын Котур-Суу айылына 1,2 млн сомго футбол аянтчасы курулду (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районундагы Кабак айыл өкмөтүнүн Котур-Суу айылында 1 млн 200 миң сомго кичи футбол аянтчасы курулуп, ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Футбол аянтчасы жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган. Мындан тышкары коңшу Табылгыты айылына да 1 млн 200 миң сомго кичи футбол аянтчасы курулуп жатат. Аянтча ушул жылдын күз айларынын аягында пайдаланууга берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×