Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 11.09.2018 08:00 На русском

Айыл турмушу: 27 жаштагы элеттик ишкер чакан ишкана ачып, 10 адамга иш орундарын түздү (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын 27 жаштагы тургуну Асхат Илиязов райондун РТС аймагынан күнүгө 1000 даана пескоблок чыгаруучу чакан ишкана ачып, 10 жумушчуга иш орундарын түздү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин көмүр тартып, ишкерлик менен алектенген Асхат 6 миң долларга пескоблок жана кирпич чыгаруучу аппарат сатып алган.

«Пескоблоктун 1 даанасы 25-35 сомго чейин бааланууда. Жакын арада таштаман да чыгарабыз деп турабыз. Айылда деле кыбырап оокат кылса болот. Мен мындан 2-3 жыл мурда насыя алып, ишти баштагам. Кудайга шүгүр, азыр баары жакшы. Жумушсуз жаштарды иш менен камсыз кылып жатам», - дейт А.Илиязов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×