Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 11.09.2018 22:16

Көчмөндөр оюндары: Өзбек күрөшүнөн күмүш тагынган Шатман операциядан кийинки мелдешинде чемпион болгон (сүрөт)

Turmush -  Балдар спорт мектебинин машыктыруучусу, дзюдо жана самбо боюнча Азия чемпиону Шатман Эсенбек уулу III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өзбек күрөшүнөн күмүш медалдын ээси болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Шатман Эсенбек уулу 1992-жылы Жумгал районунун Куйручук айылында туулган. Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү. Спорт менен 14 жашынан баштап кызуу машыккан. Токмок шаарындагы №8 мектепте 4-класска чейин окуса, 5-6-класска чейин Жумгал районунун Куйручук айылындагы А.Сулайманов атындагы орто мектебинде билим алып, 7-классынан тарта Бишкек шаарындагы олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайга келген. Спорт мектебин аяктаган соң, 3 жыл машыктыруу курсунан толук билим алып чыккан. Атасы Эсенбек Бейшеев учурда дыйкан чарбасынын мүчөсү болсо, апасы Алмакан Кулманова Куйручук айылында А.Сулайманов атындагы орто мектебинде алгебра жана геометрия сабактары боюнча мугалим болуп эмгектенет.

«Эң алгач окуумду бүткөн соң 2 айдан кийин жаштар арасында кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиону болдум. Андан кийин дзюдо жана самбо боюнча Казакстан, Тажикстан, Кытай, Түркия, Россия, Греция, Корея өлкөлөрү менен Бириккен Араб Эмираттарындагы, Украинадагы мелдештерге катышып, ийгиликтер менен кайтып келдим. Жакында эле Көчмөндөр оюндарына чейин Индонезияга барып, жемиштүү кайттык. Мени колдоп келе жаткан коомдук ишмерге терең ыраазычылык билдирем. Ал инсан менин спорттук ишмердүүлүгүмдү дайыма колдойт. 2012-жылы Араб Эмираттарында Азия чемпионаты болуп, баш байгеге татыгам. Андан соң, 2013-жылы Кореянын Сеул шаарында Азия чемпионатында, Казакстандын Темиртау шаарында дзюдо боюнча эл аралык мелдеште жеңишке жетишсем, Түркстанда 2-орунду камсыздагам», - деди Ш.Эсенбек уулу.

Шатмандын спортко кызыгуусу шамдагайлыгына байланыштуу. Анын үй-бүлөсүндө жана ата-тегинде спорт менен машыккан адам болгон эмес.

«Азия чемпионатына Украинага барганбыз. Ал жактан салмагым көп болуп жатканда 10 килограммга арыктап, катуу ооругам. Бирок аягы жеңиш менен кайткам. Андан соң 1 ай эс алып, кайра Франция өлкөсүнүн Леван аралына мелдешке баргам. Ал жерге барганда салмак кошууга туура келип, 66 кг салмакка көтөрүлө албай койдум. Араң 64 кг болуп Азия чемпионатына катышып, жеңишке жетишкем. Чемпионаттан кийин ичегиден операция болгом. Кайрадан машыгып, Корея өлкөсүндөгү мелдешке катышып, чемпион болуп келдик. Учурда баары жакшы. 2016-жылы Көчмөндөр оюндарында казак күрөшү боюнча 3-орунду, ал эми бул Көчмөндөрдө өзбек күрөшү боюнча 2-орунду алдык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×