Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 14.09.2018 08:00 На русском

Эл ичи — өнөр кенчи: Ооз комузчу жана кыл кыякчы М.Көбөгөнованын аалам кезген улуу өнөрү (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында музыкалык чөйрөдө чоңойгон 31 жаштагы Махабат Көбөгөнова учурда кыл кыякта кол ойнотуп, темир жана жыгач ооз комуздары менен дүйнө жүзүн кыдырууга жетишкен. Аймактык кабарчы өнөр ээси менен таанышты.

Махабат үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси. Ал Чаек айылында 1987-жылы туулган. 7 жашынан музыкага кызыгуусу пайда болуп, 8 жашынан музыкалык мектептин комуз, гитара бөлүмүн окуп бүтүргөн. Андан соң, Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын гитара бөлүмүн аяктаган. Аны менен катар кыл кыяк, темир, жыгач ооз комуз үйрөнгөн.

Атасы Жумадил Көбөгөнов 1957-жылы туулган. Учурда ал райондук музыкалык мектепте мугалим болсо, апасы Бекбүбү Туйбаева 1964-жылы туулган, аталган мектепте мугалим болуп эмгектенет. Агасы Азамат Көбөгөнов Бишкек шаарындагы кол өнөрчүлөр борборунда жыгач уста, шахмат жасап эмгектенет жана ар кыл маданий иш-чараларда комуз чертет. Сиңдиси Салтанат Көбөгөнова 1988-жылы төрөлгөн, музыкалык билими жок, бирок гитара чертип, ырдайт. Бир тууган иниси Саламат Жумадилов 1993-жылы туулган. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында гитара бөлүмүн аяктап, андан кийин Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын чопо чоор классын бүтүргөн. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде мугалим болуп эмгектенет. Андан тышкары 4 музыкалык мектепте жана «Устат-шакирт» борборунда чоорчу кызматын аркалайт. Эң кичүү иниси Ислам Жумадилов 2003-жылы туулган, ал Мукаш Абдраев атындагы орто мектептин комуз классында 8-класста билим алат.

«Биздин үйдө бардыгы музыкант, бардыгы таланттуу адамдар болгондуктан, мен дагы ушул жолду улантып кеткениме кудайга, ата-энеме ыраазымын. Өзүмдүн эң алгачкы устатым – бул атам. Окуп жүргөн кезимде ушул өнөрдүн аркасы менен бүт дүйнөнү кыдырып, кыргыздын музыкалык аспаптарын чет элге таанытсам деп тилек кылчумун. Айткандай эле тилегимди кудайым кабыл кылып, кыялыма жеттим десем болот. "Жаш таланттар" кароо-сынактарына жана ири фестивалдарга катышып, 1-2-орундарга ээ болуп, көп ийгиликтерге жетиштим. Музыкалык мектепти бүткөн соң жогорку билим алдым.

Гитара мен үчүн кызыктуу болду, эмнегедир гитарага кызыгуум күчөп туруп алды. Университетте окуп жүргөндө башка аспаптарды көрүп, угуп, кыргыздын 2 кылдуу кыл кыяктын жагымдуу, мукамдуу үнү жан дүйнөмдү арбап алгандай кызыгуум күчөдү. Ушул аспапты дагы үйрөнсөм деп кызыгып калдым. 2008-жылдан баштап "Устат-шакирт" борборунан Азамат Отунчиев агайымдан кыл кыяк аспабын чертүүнү үйрөнүп, күү дүйнөсүнө аралаштым. Анда 3 жыл окуп толук билим алдым десем болот. Ошондой эле Акыл Касаболотов, Кутман Султанбеков агайдан темир ооз комузду, Нурланбек Нышанов агайдан жыгач ооз комузду үйрөнүп чыктым», - деди М.Көбөгөнова.

Махабат азыркы учурда Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз маданият жана искусство университетинде кошумча аспап үйрөтүү боюнча мугалим жана «Устат шакирт» борборунда ансамблдин мүчөсү, 3 музыкалык мектепте гитара боюнча класста мугалим болуп эмгектенет.

«Өнөрлүү өлбөйт» деген кыргызда жакшы кеп бар. Махабат өнөрдүн аркасы менен көп жерди кыдырып, дүйнө жүзүн көргөн.

«Дүйнө жүзүн кыдырып, кыргыздын аспаптарын таанытуу – мен үчүн чоң сыймык. Келечекте үй-бүлөбүз менен гитара ойноп, ошондой эле кыргыз күүлөрүн гитарага салып, ойноп чыксак деген тилегим бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×