Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 13.09.2018 17:40

Ак-Талаанын Кайыңды-Булак айылындагы 2 көчөгө асфальт төшөлдү (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылына караштуу Кайыңды-Булак айылындагы 2 көчөгө асфальт төшөлгөндүгүн райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Тынычбек Абдылдабеков аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдагы 1 километр 700 метр аралыкты түзгөн борбордук Жусубалиев жана Совет көчөлөрүнө 7,5 млн сомго асфальт төшөлдү.

«Асфальт төшөө иштери планга кирген жумуш. Баетов айылынын 90 жылдыгына тиешеси жок. Мындан башка Баетов айылындагы дагы бир көчөгө жана Жаңы-Талап айылындагы көчөлөргө асфальт төшөө иштери пландалган», - деди Т.Абдылдабеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×