Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 17.09.2018 12:00 На русском

Эл ичи — өнөр кенчи: Жумгалдык Рысбек цемент, гипс, жыгачтардан сувенерлерди жасап сатууда (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Коргон айылынын 24 жаштагы тургуну Рысбек Жумадил уулу 2 жылдан бери цемент, гипс, жыгач жана таштан ар кандай сувенирлерди жасап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2017-жылы Бишкек шаарындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясын аяктаган. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өзү жасаган эмгектерин көргөзмөгө коюп, 5000 сомдон сатып келди. Аларды көбүнчө чет элдиктер алышты. Атасы Жумадил Адиев да устачылык кылып, ээр чабат.

«Ар бир буюмду ишинин татаалдыгына карап, өлчөмүнө карап баалайм. Азыр 5000 сомдон жогору баалап келем. Буга чейин чоң буйрутмалар менен иш алып баргам. Эң кымбат саткан буюмум 15-20 миң сомдун тегерегинде болду. Азыр чакан цех ачып, айылда иш алып барсам деп жатам», - деди ал.

Рысбек үй-бүлөдө 6 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×