Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 17.09.2018 13:04 На русском

Айыл турмушу: 23 жаштагы мугалим Эркинбек Көчмөндөрдө ордо оюнунан 1-орунду ээлеп, 500 миң сом алды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кабак айыл өкмөтүнүн 23 жаштагы тургуну Эркинбек Эсенбек уулу III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ордо ойноп, 1-орунду камсыз кылып, 500 миң сом байге утуп алды.

Эркинбек 1995-жылы 19 майда туулган. Үй-бүлөдө 5 бир тууган. Атасы Эсенбек Атыкулов 1962-жылы туулган. Тилекке каршы 2005-жылы көзү өтүп кеткен. Апасы Шайымбү Кыдыралиева 1965-жылы туулган. Эркинбек 2011-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин колледжинин педагогика факультетине физика, математика жана информатика кесибине тапшырып, аны 3 жыл окуп, кайрадан ушул эле окуу жайдын жогорку кесибин 2017-жылы аяктаган. Андан тышкары Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик архитектура жана курулуш университетинин магистратурасында 2-курста окуп жатат.

Эркинбек студенттик кезинде ордо боюнча универсиядада ойноп жүргөн.

«Ордо оюнун жакшы өздөштүргөм. Бул ирет өзүмдү сынап барып катышып жеңишке жетиштим. Командамда 8 бала болдук. Буюрса улуттук оюндарды мындан ары да улантып турам деп сөз берем», - деди Э.Эсенбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×