Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 17.09.2018 14:24

Жумгалда 3 тургун майып араба менен камсыз болбой келет

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун прокуратурасы тарабынан КРдин «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы боюнча Жумгал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жумгал районунун прокурору Т.Койчуман уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, социалдык өнүгүү башкармалыгында 41 адам бала кезинен 1-топтогу майып, 124 адам 2-топтогу, 79 адам 3-топтогу, 255 адам 18 жашка чейин чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана 7 адам жалпы оорунун 1-топтогу майыбы, 49 адам 2-топтогу майып жана 23 адам 3-топтогу майып катары каттоодо турат. Бирок, жогоруда белгиленген атуулдардын ичинен Жумгал районунун Миң-Куш айыл айылынын тургуну Б.С., Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Н.М. жана Көк-Ой айылынын тургуну А.Д. бүгүнкү күнгө чейин атайын майып араба менен камсыз болбой келе жаткандыгы аныкталган.

«КР "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" мыйзамынын 13-беренеси боюнча милдеттер аткарылган эмес. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга тийиштүү шарттар түзүлгөн жана түзүлбөгөн объектилер боюнча толук маалыматтар жок экендиги жана аларга инфраструктура объектерине атайын жайгаштырмаларды (пандустар, таянгычтар жана башкалар) орнотуу жөнүндө сунуштамалар жана башка иш-чаралар жүргүзүлгөн эмес. Ошону менен жогоруда аталган мыйзамдын 43-45-беренелери толук сакталган эмес. Натыйжада, КРдин "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" мыйзамда көрсөтүлгөн талаптары аткарылбаган эмес», - деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча райондук прокуратура тарабынан Жумгал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы А.Бектурганованын атына мыйзам бузууларды четтеттүү жана мыйзамды аткарышпаган кызматкерлерге карата тартиптик жаза колдонуу жөнүндө прокурордук чара катары сунуш келтирилди.

Ал эми башкармалыктын башчысы А.Бектурганова учурда министрликте майып араба жок болуп жаткандыгын, бирок буйрутма берилгенин айтты.

«Биз муктаж жарандарга майып араба беребиз. Бизге ал жарандар майып араба керек деп, тиешелүү документтерин толуктап бериши керек. Андан кийин министрликке буйрутма беребиз. Жыл башынан бери районго 7 майып араба келди, аларды таратып бердик. Анын бири көп функцияларды аткарган майып араба болду. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутатынын тапшырмасы менен жакында эле 1 майып араба берилген. Аны Нарын шаарынан алып келип тапшырдым. Биз аракет кылып, демөөрчүлөргө да сунуштап жатабыз», - деди Бектурганова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×