Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 19.09.2018 12:42

Жумгалда өспүрүмдөргө түнкү рейддерди көп уюштуруу маселеси каралды

Turmush -  Жумгал райондук прокуратурасы менен райондук ички иштер бөлүмүнүн ведомство аралык оперативдик кеңешмеси өткөрүлдү. Бул тууралуу Жумгал районунун прокурорунун орун басары Э.Салмакеев билдирди.

WhatsApp Image 2018-09-17 at 12.41.43

Анын айтымында, Жумгал районунун прокурору Т.Койчуман уулунун демилгеси менен 13-сентябрда Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында аталган кеңешме өткөн. Кеңешмеде райондогу укук бузуулардын алдын алуу жана жол эрежелерин сактоо, окуу жылы башталгандыгына байланыштуу окуучулар арасында атайын жолугушууларды өткөрүү талабы коюлду. Аны менен катар кылмыштардын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү камсыз кылуу каралып, кылмыштардын бетин ачуу, соттук отурумдарды үзгүлтүккө учуратпоо максатында тараптардын соттук процесске катышуусуна өзгөчө маани берүү айтылды. Ошондой эле түнкүсүн сыртта жүргөн өспүрүм балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн рейддерди көп уюштуруу жана башка иш-чараларды жүргүзүү боюнча маселелер талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×