Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 21.09.2018 09:14 На русском

Жумгалда байгеге 300 000 сом коюлган спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Жумгалда 15-сентябрда «Жумгал жаштар ынтымагы» ураанынын алкагында спорттун 6 түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Байгеге жалпы 300 миң сом коюлган.

Аймактык кабарчы билдиргендей, спорттук мелдеш Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы жана жумгалдык жаштар тарабынан уюштурулду. Спорттук иш-чаранын ачылышына акимдин орун басары Гүлбарчын Исакова, райондун спорт инструктору Рахат Абышев, айылдык кеңештин депутаты Барчын Орозобеков, жаштардын төрагасы Марат Оторбаев, дзюдо боюнча машыктыруучу Надыр Бийсеев жана Азия оюндарынын катышуучусу Шатман Эсенбек уулу катышкан.

Мелдешке коңшу Ак-Талаа жана Казармандан да спортчулар келип күчүн сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында:

Кыргыз күрөш боюнча:

65 кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Жыргалбек уулу Ажы (Куйручук);
- 2-орун Теңизбек уулу Мурат (Таш-Дөбө);
- 3-орун Мидин уулу Саламат (Түгөл-Сай).

80 кг салмактагылар арасында:

- 1-орун Ниязов Өбөк (Чаек);
- 2-орун Далбаев Эламан (Байзак);
- 3-орун Улукман уулу Төлөк (Чаек).

80 кг салмактан жогоркулар арасында:

- 1-орун Өмүрзаков Бактияр (Чаек);
- 2-орун Жаныбек уулу Дастан (Байзак);
- 3-орун Айталиев Жыргал (Кызарт).

Абсолюттук салмактагылар арасында:

- 1-орун Изираил уулу Шамидин (Казарман);
- 2-орун Кайыпов Алмаз (Ак-Талаа).

Кол күрөш боюнча:

- 1-орун Эсенбек уулу Шатман (Куйручук);
- 2-орун Жумабек уулу Эсенбек (Чаек);
- 3-орун Жакшылыков Руслан (Ак-Талаа).

Таяк тартыш боюнча:

- 1-орун Өмүрзаков Бактияр (Чаек);
- 2-орун Исмаилов Улук (Миң-Куш);
- 3-орун Жумабек уулу Эсен (Чаек).

Гиря көтөрүү боюнча:

- 1-орун Сапаев Марат (Чаек);
- 2-орун Исмаилов Улук (Миң-Куш);
- 3-орун Сапарбеков Адилет (Чаек).

Футбол боюнча:

- 1-орун «Ынтымак» командасы (Чаек);
- 2-орун «Центр» командасы (Чаек);
- 3-орун «Алга» командасы (Чаек);
- 4-орун «Байзак» командасы (Байзак).

- «Мыкты оюнчу» наамы - Жаныбек уулу Урмат (Чаек);
- «Мыкты чабуулчу» наамы - Теңизбаев Макмат (Чаек);
- «Мыкты коргоочу» наамы - Бегалиев Рысбек (Чаек).

Волейбол боюнча:

- 1-орун «Байзак» курама командасы;
- 2-орун «Лама» курама командасы;
- 3-орун «Таш-Дөбө» курама командасы;
- 4-орун «Кызыл-Жылдыз» командасы.

- «Мыкты чабуулчу» наамы - Жамгырчиев Эркин (Байзак);
- «Мыкты коргоочу» наамы - Жалил уулу Эркинбек (Таш-Дөбө);
- «Мыкты оюнчу» наамы - Зулпукар уулу Жаркынбек (Лама).

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×