Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 21.09.2018 10:22 На русском

Эльмира Ашырбаева Жумгал райондук архитектуранын башчысы болду

Turmush -  39 жаштагы Ашырбаева Эльмира Исаевна Нарын облусунун Жумгал райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин аталган башкармалыкта башчы болуп иштеп келе жаткан Тыныбек Смадияров өз каалоосу менен кызматын тапшырып, катардагы архитектор кызматын аркалаган.

Э.И.Ашырбаева 1979-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Новоконстантиновка айылында туулган. Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин 2004-жылы аяктаган. Кесиби боюнча архитектор.

2004-2005-жылдары «Архитектура жана технология мекемеси» ЖЧКда архитектор болуп эмгек жолун баштаган. 2005-2007-жылдары «Концепт План» ЖЧКда архитектор, 2007-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгында инженерлерди даярдоо кызматында иш алып барган. 2007-2010-жылдары «Евро Стандарт» ЖЧКда архитектор, 2010-2018-жылдары Жумгал райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгында архитектор, ушул жылдын 18-апрелинен 18-июлуна чейин башкармалыктын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп иштеп, 13-сентябрда башкармалыктын башчысы болуп бекиген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×