Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 21.09.2018 10:58 На русском

Жумгал районундагы Дыйкан—Көлмө жана Чет-Булак—Кызарт унаа жолдору асфальтталып жатат (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Баш-Кууганды айыл аймагындагы Дыйкан—Көлмө жолунун 1 чакырымы 4 млн 525 миң сомго жана Чет-Булак —Кызарт жолунун 1 чакырымы 4 млн 490 миң сомго асфальтталды. Бул тууралуу Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекемесинин башчысы Зарылбек Моңошов билдирди.

Анын айтымында, учурда Түгөл-Сай жана Таш-Дөбө жолунун 1,5 чакырымына кара шагыл төшөө жумуштары кызуу жүрүп баштаган. Мындан тышкары Аймактарды өнүктүрүү жылына карата капиталдык салым менен райондун борбору Чаек айылынын М.Алыбаев көчөсүнүн 501 метр жолуна 6 млн 876 миң сомго асфальт төшөө жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле капиталдык салым менен Түгөл-Сай, Таш-Дөбө жолунун 1,5 чакырым аралыгына кара шагыл аралашмасын төшөө үчүн жолдун башкы катмары түздөлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×