Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 21.09.2018 18:09

Жумгалдын Баш-Кууганды айыл өкмөтүндө курулушу токтоп калган мектепке 2 млн сом бөлүндү (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл өкмөтүндө акча каражатынын жетишсиздигинен курулушу токтоп калган Ш.Садыбакасов атындагы орто мектебинин жаңы имаратына 2 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мектеп директору А.Батракеева билдирди.

Анын айтымында, учурда курулуш иштери кызуу башталды. Аталган мектептин 275 орундуу жаңы имараты 2014-жылы курулуп башталган.

Өкмөттөн 63 млн сомдук долбоор каралган. Учурда дагы 8 млн сом акча каражаты которулуусу күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×