Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 26.09.2018 10:42 На русском

Кара-Кечеде көмүргө кезекке турган унаалардын саны 300гө жетти, - көмүр ташуучу. Ишкананын жообу (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кара-Кече аймагында көмүр тартууга кезекке туруу көйгөйү кыш келе электе башталды, деп билдирди көмүр ташуучулар.

Мурат Асанбековдун айтымында, 24-сентябрда көмүр кенинде кезекте турган унаалардын саны 300гө жетти. Алардын көбү көмүр тартып сатуучулар жана тендерден уткан мамлекеттик ишканаларга тиешелүү.

«Кыш келе электе мындай унаа тыгынды биринчи жолу көрүшүм. Мен 10 жылдан бери көмүр тартып иштейм. Бул кейпи менен быйыл кышта көмүр тартуу оор болот окшойт. Себеби, жайында тазалоо жана иреттөө иштери жүргөн эместей. Өкмөт көзөмөлдөбөсө, бизге эле убал болууда», - деди М.Асанбеков.

Аймактык кабарчы бул маселе боюнча «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалынын директору Азат Сасыкуловго байланыша алган эмес. Ал эми аталган ишкананын катардагы кызматкерлери 2-3 күн мурда унаа көп болгондугун, бирок мезгил-мезгили менен абал жөнгө салынып турганын билдиришти.

Кийинчерээк бул кырдаалга байланыштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы расмий маалымат таратты. Билдирүүдө айтылгандай, 23-25-сентябрдагы туруксуз аба ырайы, жаан-чачынга байланыштуу Кара-Кече көмүр кенинде көмүр жүктөй турган автоунааларга чектөө киргизүү чечими кабыл алынган. Мындай чектөөлөр айдоочулардын коопсуздугун камсыздоо жана ашыкча чыгымдардын алдын алуу максатын көздөйт.

«Учурда күн сайын 100-120 унаага көмүр жүктөлүп жатат. Көмүр кенин унааларга жүктөө үчүн 3 даана экскаватордук техника пайдаланылат. Учурда кезек күткөндөрдүн саны 80 унаага жетет», - деп айтылат ишкананын билдирүүсүндө.

Ошондой эле ишкана учурда көмүр кенде салмак өлчөмдү көзөмөлгө алуучу экинчи жабдыкты орнотуу аракеттерин көрүп жатат. Муну менен көзөмөл пунктундагы кызмат көрсөтүү тездеп, убакыт үнөмдөлөт.

Бүгүнкү күндө көмүр кенинде жалпы 8 экскаватор иштеп жатат. Анын үчөө унааларга көмүр жүктөп беришсе, калгандары тазалоо иштерин аткарышууда. Жалпы 20 самосвал, 5 погрузчик, 2 бульдозер ишке тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×