Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 24.09.2018 12:49 На русском

Малга жем болгон түшүм: Жумгалдын Чаек айылында айрым дыйкандар гречкаларын тазалай албай убара тартууда (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын дыйкандары 2014-жылдан бери гречка өстүрүп келишет. Бирок гречканы тазалоочу жабдыктын жоктугунан түшүмдөрүн чиритип, мал-жандык жана канаттууларга бергенге аргасыз болушууда.

Дыйкан Рустам Алымкуловдун айтымында, Жумгал районунун Чаек айылынын дыйкандары 2014-жылы демилге көтөрүп, жалпы 32 га жерге гречка эгип, ар бир 1 га жерден 2,3 тоннадан түшүм алышкан. Ал түшүмдү тазалоочу жабдыкты алуу үчүн дыйкандар чогулуп, «Корифей Агро» коммерциялык кооперативин түзүшкөн. Андан соң БУУнун өнүктүрүү программасынын «Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү» долбоорунан атайын техника жабдыктары алынып келген. Бирок эмнегедир бул техника дыйкандарга жеткен эмес.

«Бизге жеткен маалыматтар боюнча, гречка тазалоочу жабдык БУУнун өнүктүрүү программасына 16 миң долларга долбоор сунушталып алынган. Бирок ошол кездеги Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Бектен Кадыров тарабынан түзүлгөн "Корифей Агро" коммерциялык кооперативи эч иш алып барган эмес жана акимдин биринчи орун басары болуп иштеп турган Арстан Кадыров тарабынан жабдык дыйкандарга жетпестен белгисиз себептер менен сатылып кеткен. Булардын туура эмес кылган иштерин дыйкандар тартышы керекпи? Дыйкандардын гречкалары азыр малга берилди. Айрымдарынын короосунда, тоок баккан сарайында жатат. Дыйкандардын талабы ушул жабдыкты кайра кайтаруу болуп турат», - деди Р.Алымкулов.

Чаек айылдык кеңешинин депутаты Барчынбек Орозобеков дагы буудай эгилген жерине гречка өстүргөн. Анын түшүмүн жакшы алганы менен тазалоочу жабдыктын жоктугунан азыр түшүмү талаада жатат.

«Буудайга караганда гречканын 1 кг салмагын 45-50 сомдон сатасыңар дегенинен биз жакшы экен деп макул болгонбуз. Түшүм жакшы, бирок аны данынан чыгарып тазалоочу жабдыктын жоктугу кедергисин тийгизип жатат. Андай гречка тазалоочу жабдык Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бар экен. Дыйкандар ал жерлерге барып келгенде эле чыгымын актабай калат. 4 жылдан бери 3 га жерден алган гречкамды малга берип жатып түгөттүм. Мал да оңой менен жебейт экен. Бир топ чыгымга учурап жатабыз. Биздин маселелерибизди бир дагы мамлекеттик орган карап койгон жок.

Урматтуу президент Сооронбай Шарипович, аймактардагы дыйкандарды мына ушундай абалга алып келген жетекчилер кандай жоопко тартылат? Ошондой эле БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан дыйкандар үчүн келген жабдыктарды ким ордуна коёт?», - деди Орозобеков.

Бул маселе боюнча Жумгал райондук айыл чарба департаментинин башчысы Талант Молдокеев көп дыйкандар гречканы сырттан тазалатып келишкенин, ал эми аталган жабдык райондун РТС аймагына коюлуп, бирок жабдыктын бир нече бөлүгүнүн жетишсиздигинен гречканы тазалоо мүмкүн болбогонун айтты.

Ал эми «Корифей Агро» коммерциялык кооперативин мүчөсү Бектен Кадыров гречканы тазалоочу жабдык БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан алынып келингенин, бирок аталган уюм долбоорду толук каржылабай, болгону 2 гана жабдыгын алып келип тапшырышканын билдирди. Ошондой эле ал калган жабдыктарын өздүк салым катары дыйкандар өздөрү толуктап ишке киргизиле тургандыгын кошумчалады.

«Негизинен дыйкандар кимдир бирөөлөрдү күнөөлөрдөн мурда долбоор менен таанышып, келген жабдыктарды иштетип көрүп, андан кийин күнөөлөшсө болмок. Гречканын бардык жабдыгы 16 миң доллар турса керек, бирок бизге БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан алынып келинген жабдыктар болгону экөө гана. Алар ашып кетсе 5 миң долларга бааланат. Негизи дыйкандар гречкадан алган түшүмдөрүн Бишкек, Ысык-Көлгө алып барып тазалатып келишмек. Алардын айрым дыйкандары аталган жерлерден тазалатып, сатчусун сатып оокаттарын кылышты. Ал эми калган дыйкандар алып барып тазалатып пайда көрүшкөн жок. Биз буларга күнөөлүү эмеспиз», - деди Кадыров.

Жумгал районунун мурунку акиминин орун басары Арстан Кадыров: «Аталган кооперативден дыйкан Рустам Алымкулов 2015-жылы келишимдин негизинде гречка үрөнүн алып, бирок кайра кайтарып берген эмес. Ошондуктан кооператив башчысы аны менен андан ары иш алып барган эмес. Кооператив менен так иш алып барган калган фермерлер гречкасын Военно-Антоновкадагы цехке тазалатып, ошол жерге сатып өткөрүшкөн. 2015-жылдан баштап гречка менен тыгыз иштеген фермерлер ошол цех менен иштешип келе жатат. Гречка тазалаган цех ачуу кооператив менен эл аралык долбоордун программасы аяктап калгандыгына байланыштуу толук ишке ашпай калган. Алынган эки станок кооперативдин балансында турат. Кооперативдин каражаты болгондо аягына чейин цехти куруп бүтмөк.

Иним Бектен Кадыров 2015-жылы ал кооперативге мүчө болуп кирген. Анда жөн эле фермер болчу. 2017-жылы ал айыл өкмөт башчысы болуп шайланган жана бул долбоор кооператив менен эл аралык уюмдун ортосунда ишке ашырылган. Ошол кооперативдин демилгесинин негизинде элдер гречка үрөнүн алып, гречка айдашкан. Азыр деле гречка айдап, Военно-Антоновкадан тазалатып, Бишкектин базарларынан гречка сатып келе жатышат. Муну ошол кезден бери кооператив менен иштешип келе жаткан фермер Калыбек Ажыгулов деле тастыктап бере алат. Бизге келген станоктордун баасы 5000 доллар, эгерде толук ишке ашырылса долбоор 20 000 доллар болмок», - деди Кадыров.

БУУнун өнүктүрүү программасынын Нарын облусу боюнча менеджери Бакыт Шерипбаев менен аймактык кабарчы байланышканда, ал учурда Ош шаарында экендигин, каржы жагындагы маалыматтарды 1 жумадан соң айтып берерин билдирди.

«Долбоор боюнча толук маалымат айта албайм. Бул дыйкандар негизи гречка тазалоочу жана иреттөөчү жабдыктан толук линия сурабастан бөлүп-бөлүп сурашкан. Бизден сураган бир бөлүк жабдыгын алып бергенбиз. Бардыгын алып бере албайбыз да, негизи долбоордо кандайдыр бир бөлүгүн каржылоо кылабыз. Жетпеген жабдыктарын дыйкандар өздөрү алышы керек болчу. Азыр каржы жагын айта албай турам. Мен Ош шаарында болгондуктан 1 жумадан кийин Нарынга барып, документтерди карап айтып берем», - деди Шерипбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×