Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 25.09.2018 13:15 На русском

Чаек айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкердин жоктугунан шайлоо кайрадан жылдырылды

Turmush -  Жумгал районундагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчылык кызматына талапкерлердин жоктугунан үчүнчү ирет шайлоо күнү дайындалды. Бул тууралуу БШКнын Жумгал райондук аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, айыл өкмөт башчысын шайлоо 1-октябрга дайындалган. Биринчи шайлоо 27-августка, экинчи шайлоо 29-августка дайындалып, бирок талапкерлердин жоктугунан шайлоо өткөн эмес.

Буга чейин Чаек айылдык кеңешинин депутаттары айыл өкмөттүн башчылыгына Бектен Кадыровду шайлашкан. Андан соң, Темирбек Чилпаковду дайындашкан. Бирок алар өз каалоосу менен ээлеген кызматтарын өткөрүп беришкен.

Чаек айылдык кеңешинде 21 депутат бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×