Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 26.09.2018 10:18 На русском

Кыргызстандын жаратылышы: Көзгө көркөмдүү Соң-Көлдүн бийиктиктен көрүнүшү (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Каратал-Жапырык мамлекеттик коругундагы Соң-Көлдүн айланасы дрон менен тасмага түшүрүлдү. Бул тасманы мамлекеттик коруктун директору Бакыт Чороев бөлүштү.

Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу Кыргызстандагы бийик тоолуу коруктардын бири. Бул корук 1994-жылы 1-мартта Борбордук Теңир-Тоодогу (Тянь-Шандагы) уникалдуу жаратылыш комплекстерин, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарлар, ɵсүмдүктɵрдүн түрлɵрүн сактоо, аймактагы жалпы экологиялык баланстын туруктуу абалын камсыз кылуу иш-аракеттерин кɵрүү, жаратылыш процесстеринин табигый агымын сактоону изилдɵɵ, жандуу заттардын табигый шартта эркин кɵбɵйүүсүн камсыз кылуу жана чектеш аймактарга жайылтуу максатында комплекстик корук катары түзүлгɵн. Коруктун бир бөлүгү Нарын облусунун Нарын жана Ак-Талаа райондорунун аймагында, тоолуу Соң-Көл көлүнүн түштүгүндө, Коргоо тоосунун түштүк чыгышында, Кажырты суусунун оң курамы болгон Каратал менен Жапырык сууларынын алаптарында жайгашкан.

Сөң-Көл – Ички Теңир-Тоонун бийик тоолорунун арасында деңиз деңгээлинен үч миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан, жаратылышы эң эле кооз, көзгө көркөмдүү көлдөрдүн бири. Анын жаратылышын жарашыктуу көркүнө чыгарып көлдү айландыра курчаган тоо кыркалары, жылга жыбыттарынан агып түшкөн мөлтүр тунук кашка суулары, тоолордун асман тиреген аскалуу чокулары курчайт, Сөң-Көлгө ар тарабынан 20дан ашуун агын суулар куюп, анын деңгээлин төмөндөтпөйт. Ал эми Ак-Таш, Таш-Дөбө, Кара-Кеченин тынымсыз куйган шар суулары кышкысын да көп тоңо бербейт.

Сөң-Көлдүн узундугу 29 км, туурасы 17 км аралыкка созулат. Көлдүн тереңдиги ар түрдүүчө, чыгыш тарабы 10-15 метр болсо, батыш тарабындагы тереңдиктери 22 метрге чейин жетет. Көгөргөн көлдүн айланасына ар түрдүү чөптөр өсүп, кызыл-тазыл гүлдөр менен саймаланып эң эле кооз, кээ бир жээктен эшилген майда кызыл кумдуу жээктерди учуратууга болот. Ошондой эле жээктердеги тоо боорлору бетегелүү тоо чөптөрүн жамынып, төрт түлүк малдын берекелүү мекени.

Сөң-Көлдө сууда сүзүүчү жана саз канаттууларынын 66 түрү жашаганы далилденди. Алардын 29 түрү көл жээктериндеги өрөөндөрдө уялашып, балапандарын чыгара турганы, ал эми 37 түрү болсо күзгү жана жазгы келгин канаттуулар экени байкалган. Сөң-Көлдүн үстүндө өрдөк, чүрөк, каздар, ак-чардактар сүзүшөт. Сөң-Көлдөгү канаттууларды ар түрдүү жоготуулардан коргоп, көбөйүшүнө толук шарттарды түзүү үчүн мамлекет тарабынан корукка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×