Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 25.09.2018 16:47

Жумгалдагы эки айыл өкмөткө жаңы башчылар шайланды

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай жана Миң-Куш айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды. Шайлоо 13-14-сентябрь күндөрү өткөнүн БШКнын Жумгал райондук аймактык шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалым болгондой, Түгөл-Сай айыл өкмөт башчысын шайлоо 13-сентябрда өтүп, анда 3 талапкер ат салышкан. Жалпы 11 депутаттын ичинен 6 добуш алган Рысбек Кудайбергенов айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.

Р.Кудайбергенов буга чейин Түгөл-Сай айыл өкмөтүндө бир нече ирет айыл өкмөт башчысы болуп иштеген. Андан соң Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары, Жумгал райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы кызматтарын аркалаган.

Миң-Куш айыл өкмөт башчысын шайлоо 14-сентябрда өтүп, жалгыз талапкер Канат Алманбетов жалпы депутаттардын колдоосуна ээ болгон.

Ал буга чейин айылдык кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, айыл өкмөт башчынын орун басары, айыл өкмөттө жооптуу катчы жана катардагы кызматкер болуп бир топ жыл эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×