Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 26.09.2018 09:19

Жумгалда Орто-Кууганды башкы суу топтоо курулмасы 27 млн сомго оңдоодон өтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылынын Орто-Кууганды башкы суу топтоо курулмасынын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Каныбек Насыбалы уулу билдирди.

Анын айтымында, аталган курулуштан тышкары Байзак айылынын ички суу каналы, арыктары кошо толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул жумуштар Суу чарба жана мелиорация департаментинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн Айыл чарба жана тамак-аштын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу долбоору аркылуу ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы наркы 27 млн сомду түзөт.

Долбоор Бүткүл дүйнөлүк банк аркылуу каржыланып, 2 жылда ишке ашырылып бүтөт. Бул каражаттын 25 пайызын тургундар 7 жылдын ичинде төлөп бериши керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×