Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 26.09.2018 09:43 На русском

Жумгалдын Миң-Куш айылындагы «Келечек» бала бакчасы 1,3 млн сомго оңдоодон өтүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айылынын 17-аянтчасындагы «Келечек» бала бакчасы дем берүүчү гранттын эсебинен 1,3 млн сомго оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалым болгондой, дем берүүчү гранттын өздүк салымына демөөрчүлөр колдоо көрсөтүп, 348,4 миң сом чыгарышкан. Учурда бала бакчанын чатыры толук алмаштырылып, ички жана тышкы шыбак иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×