Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 26.09.2018 10:10

Жумгалдын Куйручук айылындагы Байтөкова көчөсүнүн жээги 250 миң сомго тосулууда (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Куйручук айылындагы Кочкор—Чаек унаажолунун жээгинде жайгашкан Байтөкова көчөсүн тосуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Талантбек Асанов билдирди.

Анын айтымында, айылды өнүктүрүү жана көрктөндүрүү максатында жергиликтүү бюджеттен 250 миң сом акча каражаты каралып, бирдей тосмолор жана казыктар алынып келген. Ал эми тосуу жумуштары жергиликтүү эл тарабынан аткарылууда.

Жалпы 500 метр жолдун жээги атайын тосмо менен тосулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×