Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 26.09.2018 16:21

Жумгалдык спортчу Бекжан Россиядагы кармаш-уруш боюнча дүйнө чемпионатында коло тагынды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Баш-Кууганды айылынын жаш спортчусу Бекжан Нурбек уулу Россиянын Тула облусунун Тула шаарында болуп өткөн кармаш-уруш боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду алды. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Актан Жекшенов билдирди.

Маалым болгондой, аталган чемпионат 20-сентябрдан 23-сентябрга чейин болгон. Ага Кыргызстандан жалпы 9 спортчу катышып, анын ичинен 4 спортчу 3-орунду багындырышты. Анын бири Бекжан Нурбек уулу 46 кг салмакта күч сынап, коло тагынды. Ал өткөн жылы Тажикстанда өткөн Азия биринчилигинде 2-орунду ээлеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×