Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 27.09.2018 10:47 На русском

Сүрөт — Жумгалда кошунасынын унаасын айдап чыккан киши жардан кулап каза болду

Turmush -  Жумгал районундагы жол кырсыктан 1 адам каза болуп, 1 адам жабыркады.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жол кырсык 27-сентябрда саат 00:15 чамасында Чаек—Кочкор унаа жолунун 105-чакырымында (Байзак айылына жакын жер) катталган. «Ауди-100» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 1 адам жабыркады.

Окуя болгон жерге ӨКМдин №43 өрт-куткаруу кызматынан куткаруучулар барып, каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жабыркаган жаран райондук ооруканага жаткырылса, каза болгон жарандын жансыз денеси ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Нарын ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын тескөөчүсү Калыс Өмүрзаковдун айтымында, 26-сентябрда болжол менен түнкү саат 23:30 чамасында Жумгал районунун Кочкор—Арал унаа жолунун 116-106-чакырымдарында, тактап айтканда Байзак айылынын кире беришинде күн батыштан күн чыгышты карай бара жаткан «Ауди-100» үлгүсүндөгү автоунаа башкаруусун жоготкон. Анын кесепетинен аталган унаа жолдун оң жагына чыгып, бийиктиги 8 метр болгон жардан бир нече жолу ала салып, 4 дөңгөлөгү асманды караган абалда жатып калган. Бул учурда айдоочу унаанын алдында калып, окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми анын жанындагы жүргүнчү денесинен жаракат алып, Жумгал райондук аймактык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, «Ауди-100» үлгүсүндөгү автоунаасы Баш-Кууганды айылынын 1971-жылы туулган тургуну М.Ш.ге тиешелүү болгон. Окуя болгон күнү аны аталган айылдын 1966-жылы туулган тургуну И.Ш. (унаанын ээсинин кошунасы) башкарып бара жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×