Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 27.09.2018 16:00

Жумгал районунун аймагына жаңы 3 комбайн сатылып алынды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун аймагына жаңы 3 комбайн сатылып алынды. Бул тууралуу Жумгал райондук айыл чарба департаментинин башчысы Талантбек Молдокеев билдирди.

Анын айтымында, райондун Баш-Кууганды айыл өкмөтү 2 млн 199 миң 680 сомго комбайн алып келген болсо, Түгөл-Сай айылынын тургуну, фермер Жамилия Тойчубекова 4,5 млн сомго жаңы комбайн алган. Ал эми Көк-Ой айыл өкмөтү муниципалдык ишканасына 4,5 млн сомго «Нива» үлгүсүндөгү комбайн алган.

Азыркы учурда комбайндар түшүм жыйноо иштерине активдүү катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×