Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 02.10.2018 12:01

Жумгалдагы чатыры түшөйүн деп калган театрда жаңы сезон ачылды (видео, сүрөт)

Turmush -  26-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылындагы К.Акиев атындагы музыкалуу драма театрында 23-сезон ачылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, театрдын сезонун ачууга райондун акиминин орун басары Гүлбарчын Исакова, театрдын директору Аида Асанбекова, театр жамааты жана тургундар катышты. Анда М.Сагынбаевдин «Ата мурасы» чыгармасы сахналаштырылып коюлуп, көрүүчүлөргө тартууланды.

Учурда К.Акиев атындагы музыкалык драм театрдын имаратынын эскилиги жетип, имараттын үстү дубалдан ажырап, пайдубалы чөгүп, чатыры түшөйүн деп калган. Ал 1934-жылы ашар жолу менен курулуп, 80 жылдан бери пайдаланылып келет.

Видео, фото - Жумгалдагы театр кызматкерлери театрдын ордуна маданият үйүн курууга каршы

Фото - 80 жыл мурун ашар менен курулуп, эскилиги жеткен Жумгалдагы театрдын имаратына каражат бөлүү бул жылы да кечеңдеп жатат, - кызматкерлер

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×