Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 02.10.2018 12:53

Эл ичи — өнөр кенчи: Өнөрлүү үй-бүлөдө өскөн Акыйкат комузун колунан түшүрбөй ырдап келет (сүрөт, видео)

Turmush -  27 жаштагы Акыйкат Соңкөлбекова комузун колунан түшүрбөй ырдап келет. Ал буга чейин «Эл шайырлары» тобунда эмгектенсе, учурда жеке ырчы. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Акыйкат үй-бүлөдө 5 бир тууган, үйдүн кенжеси. 1998-жылы С.Турусбеков орто мектебинин босогосун атап, аны 2009-жылы окуп бүтүргөн. Атасы Соңкөлбек Кооманов 64 жашта, ал эми апасы Маданият Камбарова 61 жашта.

Жаш ырчы 2013-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы 2 жылдык эстрада жана фольклордук студияда комуз менен ырдоо бөлүмүн жалаң «5» деген баа менен окуп бүтүргөн.

«Балалык кезим айылда өттү. Атам, апам экөө тең жакшы ырдашат. Кээде апам жамактап ырдап калат. Бир туугандарымдын баары эле ыр-бийге шыктуу адамдар. Мага талант ким тарабынан келгенин билбейм, бирок үйдө баары тең ырга жакын. Негизи мен мектепте окуп жүргөндө ыр чыгарып жазып калчумун. Азыр ыр чыгарбайм. Ал эми мектептеги кароо-сынактарга калбай катышып, ырдап-бийлеп, активдүү кыздардан болчумун. Алгачкы жолу 2013-жылы октябрь айында Опера жана балет театрынын сахнасына чыккам. Биринчи ырдаган ырым Жалил Сыдыковдун "Айылдаштарым" деген ыры болду.

Учурда жаңы ырларды жаздырып, жеке чыгармачылык менен алектенип жатам. Азырынча 1 клип, 10 чакты ырым бар. Ал эми комуз менен ырдаган ырларым аябай көп. Негизи обон жазбайм. Бирок көбүнчө обондорду түшүмдө чыгара берем. Эмнегедир түшүмө обон чыгарып жатканым көп кирет. Эртең менен турганда эстеп, кандай обон эле деп такыр таппай калам. Кудай буюрса обон чыгарам го деп ойлойм.

Устатым ыраматылык Мурадил Сагыналиев агай болчу. Ырчылыктан тышкары күү укканга жана тикмечилик өнөргө, бийге, сууда сүзгөнгө кызыгам. Бир гана кудайдан жана жакындарымды жоготуудан корком», - дейт А.Соңкөлбекова.

Акыйкат бала кезиндеги кызыктуу окуяны айтып берди.

«Бизден кийин эле Кичи-Арал деген айыл бар. Ал жактан бери жөө келип окуган окуучулар бар эле. Сабак бүткөндөн кийин кыздар менен биздин үйдүн жанындагы чоң сууга барып ойночубуз. Ал жерден классташыбыз Таттыбүбүнүн жаңы алган бут кийиминин бир түгөйү сазга тыгылып калып, чыкпай калган. Баарыбыз тең коркуп, баткакты казып жүрөбүз. Ал "апама айтам" деп ыйлайт. Ошентип бут кийиминин бир түгөйүн таппай койдук. Ошол бойдон айылына жылаңайлак кеткен эле. Азыр эстеп күлүп калабыз», - деди ал.

Мамлекеттик тил комиссиясынын төш белгиси жана башка кызыктыруучу сыйлыктарды алган жаш ырчы: «Ырчылык мен үчүн жөн эле ырдап коюу эмес. Ырдын ар бир тамгасын, сөзүн туура аткарып, ыр менен кошо жашаш керек деп ойлойм. Ырчы болушума өзүмдүн максаттарым жана ата-энем түрткү болду десем жаңылбайм. Анткени алар мени ар дайым колдоп келишет», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×