Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 03.10.2018 08:36

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы кайрадан шайланбай калды

Turmush -  Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 1-октябрь күнү өтүп, бирок башчы шайланган жок. Шайлоого чакырылган 21 депутаттын ону гана келгенин БШКнын Жумгал райондук өкүлчүлүгү билдирди.

Буга чейин айыл өкмөт башчысы эки ирет шайланбай калган болчу. Биринчи шайлоо 27-августка, экинчи шайлоо 29-августка дайындалып, бирок талапкерлердин жоктугунан шайлоо өткөн эмес.

Бул ирет айыл өкмөт башчылыкка 3 талапкер аттанышкан. Алар — Кенжебек Алапай уулу, Алымкулов Рустамбек Темиркулович жана Алымкулов Рустам Жумабекович.

Шайлоо күнү келген 10 депутат айыл өкмөт башчысын шайлай албай, акт түзүп тарашты. Эми БШКдан кандай жооп келери белгисиз. Үчүнчү ирет шайлоо болбогону айылдык кеңешти таратууга алып келет.

Чаек айылдык кеңешинде КСДП жана «Республика—Ата-Журт» фракцияларынын депутаттары бар. Айылдык кеңеш 21 мандаттуу, жалпы 6 шайлоо участкасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×