Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 03.10.2018 11:44

Жумгалдагы карыяларга 30 миң сом акча каражаты таратылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында карыяларга сый-урмат көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага райондун акиминин орун басары Гүлбарчын Исакова жана мекеме жетекчилери катышып, райондун аймагындагы мекемелерде иштеп кеткен ардагерлерге жалпы 30 миң сомго жакын акчалай жардам берилди. Мындан тышкары мекеме жетекчилер куттуктоо сөздөрүн айтышып, аталган түзүмдө иштеп кеткен ардагерлерге 500 сом акчалай жардамдарын көрсөтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×