Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 03.10.2018 15:19 На русском

Жумгалдагы депутаттар нааразы болгон жогорку билими жок жетекчи окуу жайды келерки жылы бүтөт (видео, сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттары райондук электр тармактар ишканасынын башында жогорку билими жок жетекчи отургандыгын айтып нааразы болушууда.

Депутат Барчынбек Орозобеков менен Жакия Эсенгелдиевдин айтымында, 2011-жылдын 15-июнунда райондук электр тармактар ишканасынын башчылыгына жогорку окуу жайды бүтпөгөн жетекчи — Амантур Борбушалиев келген. Ал 2014-жылдын 7-январында «Чыгыш электр» ААКнын буйругу менен жумуштан бошоп, бирок 2018-жылдын 9-июлунда кайрадан жетекчилик кызматка отурган.

«Амантур Борбушалиевдин диплому жок. 2011-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов ("Республика — Ата Журт" фракциясы) "Чыгыш электр" ААКнын башкы директору болуп турганда өзүнүн классташы Амантур Борбушалиевди жогорку билими жоктугуна карабай директорлук кызматка дайындаган. А.Борбушалиев прокуратурага берген көрсөтмөсүндө ошол убакта Жумгал районунда кадр жетишпей жатканда ушундай кадамга баргам деп жатат. Бул тармакта 20 жылдан бери иштеп келе жаткан жогорку билимдүү ондон ашык энергетиктерди атап бере алам. Мисалы, Эдил Мамбетов, Жыргал Атамбеков, Залкар Бозбалаев, Арстан Калманбетовдор.

Жумгал РИИБдин тергөөчүсү мага берген токтомунда, "А.Борбушалиевге кылмыш ишин козгоонун кажети жок. Кылмыш-жаза кодексинин 29-бересинин 10-бөлүмүнүн 1-пункту менен кылмыштын курамы табылган жок" деп жазылган. Бирок ошол эле биринчи абзацта "Амантур Борбушалиев Токмок агроөнөр жай колледжинде 1-курста окуп жатат" деп көрсөтүп жатат. Ал эми 2011-жылы 11-февралда А.Борбушалиев өзү тууралуу маалыматын "Чыгыш электр" ААКка тапшырып жатканда, "3-курста окуп жатам" деп билдирген экен. Бирок Токмок агроөнөр жай колледжинин директорунун буйругунда, 2016-жылдын 10-июнундагы №17/666 сандуу маалымкатта 3-курс деп берилип жатат.

Менин түшүнбөй жаткан маселем — 2016-жылы алынган маалымкат кантип 2011-жылдагы чыккан буйрукка негиз болуп бере алат?

Тергөөчүнүн токтомунун үчүнчү абзацында 2014-жылдын 26-августунда №43/3 сандуу буйруктун негизинде сырттан окуу бөлүмүнө 1-курска кабыл алынган деп турат. Бул кызматтан кеткенден кийин, тактап айтканда 8 айдан кийин 1-курска тапшырып, азыр 3-курста окумак. Бирок ал азыр Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Токмоктогу филиалында 4-курста окуп жатам деп жатат. Ушу кантип болсун? Билими жок эле баш аламан маалымкаттардын негизинде иштей берсе болобу?», - деди Б.Орозобеков.

Жумгал райондук электр тармактар ишканасынын башчысы Амантур Борбушалиев жетекчилик кызматка билими жок адам иштебей турганын, мыйзамды сыйларын жана келерки жылы жогорку окуу жайды бүтөрүн билдирди.

«Биринчиден, билими жок адам жетекчилик жумушка отурбайт. Экинчиден, мен Токмок агроөнөр жай колледжин бүткөм. Азыр Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Токмоктогу филиалында 3-курсту бүтүп, 4-курста окуп жатам. Буюрса, келерки жылы бүтөм. Ал эми 2011-жылы жамааттын колдоосу, сунушу менен директорлук кызматка келгем. Бул айыптоолор боюнча прокуратурага түшүнүк бергем.

Менин Жогорку Кеңештин депутаты Ж.Турускуловго эч кандай тууганчылыгым жок. Өкүл баласы эмесмин, аны менен бир класста окуган эмесмин. Диплом жасалма дешти, мен ага да макул эмесмин. Мени укук коргоо органдары текшеришти. Эмгек стажым 19 жыл болот», - деди ал.

«Чыгыш электр» ААКтын башкы директору Максат Чыныбеков: «Жумгал райондук электр тармактар ишканасынын башчысы А.Борбушалиев бизде көп жылдардан бери иштеп келе жаткан кесипкөй адис. Ал алгач Токмок агроөнөр жай колледжинде окуп, айыл чарба унааларынын электр станциялоо жана монтаждоо боюнча орто кесибине ээ болгон. Андан сырткары Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Токмоктогу филиалындагы энергетика факультетинин электрмонтаждоо кесиби боюнча билим алып жатат. 4-курстун студенти болуп окуп жатканы чындык. Буга чейин А.Борбушалиев ушул эле орто билими жана жогорку окуу жайда окуп жатканы тууралуу маалымкаттын негизинде 2011-жылы да Жумгал райондук электр тармактар ишканасында директор болуп иштеген. Ортодон кызматынан түшүп калган. Азыркы учурда кайрадан өз ордунда иштеп жатат. Буга эмнеге асылып калдыңар билбейм? Мурда деле орто билими барлар жетекчилик кызматтарда иштеп келишкен. Биз бул кишинин эмгек тажрыйбасына, электрди жакшы түшүнгөнүнө карап кызматка алдык. А.Борбушалиевге кылмыш иши козголгону боюнча маалымат бизде жок.

Жогорку Кеңештин депутатынын классташы деп жатышпайбы, биз классташ, жердешке карап кызматка албайбыз», - деди.

Ал эми Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Токмок шаарындагы филиалынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, Жумгал райондук электр тармактар ишканасынын директору А.Борбушалиев учурда 3-курста сырттан окуу бөлүмүндө билим алып жатат. Ал Токмок агроөнөржай колледжинен 2-курста аталган окуу жайга которулуп барган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×