Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 03.10.2018 18:12 На русском

Жумгалда көмүр уурдоого шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кылмыш иши козголду

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Токсон-Теке участкасынан көмүр уурдоого шектелген адамдар кармалышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 18-сентябрь күнү «Шарбон» ЖАКтын юристи Нарын ОИИБге кайрылып, 15-сентябрда болжол менен саат 23:00-24:00 чамаларында Токсон-Теке участкасындагы көмүр кесиминен Н.К. аттуу адам 18 тонна көмүрдү «КамАз» үлгүсүндөгү унаага, 17-сентябрда К.Э. аттуу адам 28 тонна көмүрдү «КамАзга» жүктөп, таразачы-бухгалтер жана кароолдо турган адамдар тамактанууга кеткен учурда көмүр кесимдин шлагбаумунун кулпусун сындырып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Натыйжада «Шарбон» ЖАКка жалпы 59800 сомдук зыян келтиришкендигин билдирген.

Бул фактылар Нарын ОИИБге дароо катталып, башкармалыктын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Жумгал районунун Байзак айылынын 1979-жылы туулган тургуну Н.К. жана Жумгал районунун Байзак айылынын 1987-жылы туулган тургуну К.Э. аттуу адамдар кармалган. Алар Жазык проссесуалдык кодексинин 94-беренесинин негизинде камакка алынып, сот тарабынан үй камагына чыгарылган.

Азыркы учурда бул факт боюнча Нарын ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан 20-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүүлөр буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары милициянын каттоосуна алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×