Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 08.10.2018 09:31 На русском

Түндүк-Түштүк жолунун курулушунда иштеген кытайлык жаран каза болду

Turmush -  Жумгал районунун аймагында Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушуна катышкан кытай жарандарынын бири ооруп каза болду. Бул маалыматты аймактык кабарчыга Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, 3-октябрда болжол менен саат 11:55 чамасында Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кочкор—Арал унаа жолун жасап жаткан жумушчу каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган билдирүү боюнча Жумгал РИИБдин ыкчам тергөө тобу Жумгал районунун аймактык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына барган учурда, 3-октябрь күнү болжол менен саат 10:00 чамасында «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» компаниясында автоунаа оңдоп иштеген Кытай Эл Республикасынын 1967-жылы туулган жараны «Мерседес-Бенц» унаасында отурган жеринен каза болгондугу аныкталган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумдун сөөгүн мекенине алып кетүү үчүн Кытайдан кызы келе жатат.

Учурда бул окуяга тиешелүү материалдарды Жумгал РИИБдин тергөөчүсү А.Мокенов текшерүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×