Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 08.10.2018 11:46

Жумгалда карыларга сый көрсөтүлүп, белекке идиш-аяк берилди (сүрөт)

Turmush -  1-октябрь — Карылар күнүнө карата Жумгал районунун Кабак айыл өкмөтү тарабынан 25 миң сом акча каражаты бөлүнүп, 50гө жакын айылдын аксакалдарына 500 сомдук белектер берилди. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, райондун Куйручук айылынын А.Сулайманов атындагы орто мектебинде айыл өкмөтү, мектеп парламенти тарабынан «Карысы бардын ырысы бар» аталышта иш-чара болуп өттү. Ага жергиликтүү бюджеттен 30 миң сом бөлүнүп, жалпы айылдын 30га чукул карыяларына сый тамак берилип, белекке идиш-аяктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×