Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 09.10.2018 12:33

«Кыргыз көмүр» ишканасы Жумгалда 100 карыяга сый көрсөттү (сүрөт, видео)

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун аймагында көмүр отунун өндүрүү менен алектенген «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы маданий иш-чаралар менен даталуу күндөрдө ар тараптан колдоо көрсөтүп келишет. Бул ирет 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнүн урматына Жумгал районунун аймагындагы 100 карыяга урмат-сый көрсөтүп, жайылган дасторкондо бата алышкан.

Чаек айылындагы кафелердин биринде 5-октябрь күнү жылкы союлуп, райондогу айыл өкмөттөрдөн карыяларды алып келишти.

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун атынан Кара-Кече филиалынын директору Азат Сасыкулов сөз сүйлөп, аксакалдарга каалоо-тилектерин айтты. Ал карыяларга уул- кыздарынын урмат-сыйын көрүп, ден соолукта болушуна тилектеш экенин билдирип, кен казуудагы жетишкендиктерге токтолуп, кыскача маалымат берип өттү.

Ошондой эле аксакалдар мамлекеттик көмүр кенинде мурдагыга салыштырмалуу өндүрүм жогорулап, техникалык базасы чыңдалганын, кызматкерлерге ар тараптуу шарттар түзүлүп жатканын айтышты. Андагы өнүгүүнү байкаган ата-апалар мындан ары да ийгиликтер болсун деп тилек кылышкан.

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы 2017-жылы жалпы 2 млн 265 миң 812 сомго социалдык жардамдарды көрсөтсө, 2018-жылдын январь айынан март айына чейин 937 миң 325 сомго муктаждарга колдоо көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, ар тараптуу жардамга муктаждарга, жетим-жесирлерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарга, ошондой эле оор операцияга муктаж болгон бейтаптарга каражат жагынан жардам көрсөтүлүп, райондогу маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары менен спорттук иш-чаралар уюштурулду.

Андан сырткары ишкана ар жыл сайын карыялар менен аз камсыз үй-бүлөлөргө бекер көмүр отунун таратуу менен алек. Аны менен бирге жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, багуусунан ажыраган жана кенде иштеген жумушчулардын балдары ишкананын колдоосу менен Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып келишет. Ошондой эле «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы Жумгал районунун аймагындагы элди арзан баада көмүр отуну менен камсыз кылуу үчүн жыл сайын топ базаларды уюштурат.

Учурда Кара-Кече филиалында 200гө жакын адам эмгектенип жатат. Техникалык базасында 3 экскаватор, 3 жүктөгүч унаа, 8 оор жүк тарткан автоунаа бар. Ошону менен бирге 2 даана электр экскаватор сатып алуу пландалган. Анын бирин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×