Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 15.10.2018 13:29

Чаектиктер булактын үстүнө даараткана курган тургунга чара көрүүнү талап кылууда (видео, сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы Азис Акматалиев көчөсүнүн тургундары кошунасы көчөдөгү булактын үстүнө даараткана салып алгандыгына нааразы болушууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Айыл тургуну Кенже Калыйбекованын айтымында, аталган көчөдө сазга жакын жерде таза суу чыккан булак жайгашкан. Айылда таза суу токтоп калганда, бул көчөнүн тургундары ушул булактан суу ташып ичишет.

«Биз бул жерден суу алып ичебиз. Ал эми бул жашоочу өз билгенин кылып, анын үстүнө пайдубалын очойто куюп, пескоблоктон даараткана салып алды. Анын айланасы таштандыга толуп калды. Булакка барсаң, даараткананын жытынан жийиркенесиң. Эмне үчүн санитардык инскпекция, экотехинспекция жана айыл өкмөтү карабайт? Тургундар бир нече ирет арыздандык, барбаган жерибиз калбай калды», - деди Калыйбекова.

Дагы бир тургун Бакыт Муктарбекова бул булактын айланасында жана ага жакын сазда балдар ойношорун жана анын айланасы таштандыга толуп кеткенин айтты.

«Буга чейин тургундар чийки кыштан салынган биринчи дааратканасын түрттүрүшкөн. Эми билген жериңерге баргыла деп кайра куруп алды. Жергиликтүү жашоочулар "даараткана болбош керек, ал" десе "булакты мурда таш менен көтөрүп мен чыгаргам, даараткананы каякка саларымды өзүм билем. Сууну мен да ичем" дейт. Кайрылбаган жерибиз калган жок. Айла кетип эми коомчулукка чыгаралы деп чечтик», - деди ал.

Бул маселе боюнча айыл өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Токтоналиевага аймактык кабарчы кайрылганда, анын бул даараткана тууралуу маалыматы жок экендигин жана териштире турганын билдирди. Ал эми райондук санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери ал даараткананын абалын карай турганын жана Мамэкотехинспекциянын адистери жеринде комиссия иштей турганын убадалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×