Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 16.10.2018 10:48

Жумгалдын Кызыл-Жылдыз айылында 2,4 млн сомго кичи футбол талаасы курулууда (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында 2,4 млн сомго кичи футбол талаасы жуунучу жайы менен курулууда. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Бектур Кыдырмаев билдирди.

Анын айтымында, айыл тургуну өзүнүн айырбаштаган жерин футбол талаасын курууга берип, ал өкмөттүн түрткү берүүчү грантынын эсебинен 2,4 млн сомго курулду. Жакынкы күндөрү кичи футбол талаасынын ачылыш аземи белгиленет.

«Мындан тышкары Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында айылдын көчөлөрүнө шагыл төгүлүп, 7 км жолдору оңдолгон. Ошондой эле жаңы ветеринардык клиника 796 миң сомго курулуп жатса, К.Акиев атындагы орто мектебинин ашканасы 130 миң сомго оңдолду. Мектепке балдардын коопсуздугу үчүн жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүнүп, видеокамералар да орнотулган.

Таза сууга кошумча каптаж курулуп жана айыл ичиндеги көчөлөрдөгү суу түтүктөрү алмаштырылды. Ал эми айыл өкмөттүн имараты өкмөттүн түрткү берүүчү гранты тарабынан 2,6 млн сомго толук оңдоодон өтүп, айыл өкмөттүн айланасы жергиликтүү бюджеттен 370 миң сомго, «Байчечекей» бала бакчасынын айланасы жергиликтүү бюджеттен 150 миң сомго тосулуп, башка иштер да жүрүп жатат», - деди Кыдырмаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×