Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 16.10.2018 12:20

Жумгалдын Чаек айылында булактын үстүнө курулган даараткана алынат

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы Азис Акматалиев көчөсүндөгү булактын үстүнө салынган даараткана 4-ноябрга чейин алынат. Бул тууралуу Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Айгүл Токтоналиева билдирди.

Анын айтымында, аталган көчөнүн жашоочуларынын арызы каралып, айыл өкмөт жеринде түшүндүрүү ишин жүргүзгөн. Ал эми аталган даараткананы курган тургун 4-ноябрга чейин даараткананы бузуп аларын жана анын айланасындагы таштандыларды тазалай турганын айтып, түшүнүк кат жазып берген.

IMG-20181016-WA0016

Буга чейин Азис Акматалиев көчөсүнүн тургундары кошунасы көчөдөгү булактын үстүнө даараткана салып алгандыгына нааразы болуп жаткандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×