Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 17.10.2018 12:17 На русском

Кызарт ашуусунда 12 см кар жаап, оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болду (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусундагы ашууларда унаа жолдорго инерттик материалдар себилип, жол тейлөө ишканалары нөөмөттө турушат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 16-17-октябрында Нарын облусунун аймагында абанын температурасы төмөндөп, аймактарга, ашуу, белдерге кар жааган. Ат-Башы районунда 2-3 см, ал эми Ак-Сай өрөөнүндө 7-8 см, Нарын районунда 5-6 см, Нарын шаарында 2-3 см, Жумгал районунун Кызарт ашуусунда 10-12 см көлөмүндөгү кар жааган. Анын кесепетинен аталган ашуунун 50-51-чакырымында оор жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны пайда болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, жол тыгындын негизги себеби автоунаалардын кышка даяр эместиги, кышка керектүү шаймандардын (чынжыр, күрөк жана башка) жоктугу болгон.

16-октябрда №21 жол тейлөө ишканасы тарабынан саат 11:00гө чейин авто тыгын толугу менен жоюлган. 17-октябрда таңкы саат 4:00гө чейин толугу менен инерттик материалдар себилип бүткөн. Учурда Кызарт ашуусунда 1050 метр куб инерттик материалдар бар жана алты жумушчу, бир механикалык жүктөгүч, бир автогрейдер иш алып барууда.

Учурда облустун аймагындагы автоунаа жолдору ачык жана ашуу, белдер жол тейлөө ишканалары тарабынан көзөмөлгө алынып, нөөмөттөр уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×