Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 17.10.2018 17:47

Жумгалда үй-бүлөнү жана балдарды коргоо маселеси талкууланды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында райондун аймагындагы социалдык кызматкерлердин, мектептердин социалдык педагогдорунун ишмердүүлүгү каралды.

Аймактык кабарчы билдиргендей, аны менен бирге «Үй-бүлөнү, балдарды колдоо» аттуу темада түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана мындан ары кандай багытта иш алып баруу жагы талкууланды. Семинарга Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысын орун басары Г.Исакова, райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, райондогу айыл өкмөттөрдүн социалдык кызматкерлери жана мектептердин социалдык педагогдору катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×