Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 22.10.2018 10:04

Жумгалда Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы кызматтан кетип, кайрадан шайлоо дайындалды

Turmush -  Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы кызматтан кетип, кайрадан шайлоо дайындалды. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Дастан Кылычбек уулу кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, буга чейин айыл өкмөт башчы болуп иштеп келген Элмира Мамбетовага октябрь айында кызматын өткөрүп берген. Ал айыл өкмөт башчылык кызматка 2016-жылдын 29-январында көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен шайланган болчу. Бул маалыматты БШКнын Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынан да тастыкташты.

Айыл өкмөт башчыны шайлоо 26-октябрга дайындалып, учурда 3 талапкер ат салышууда. Алар — Каныбек Сламов, Тынчбек Исаков жана Таянычбек Каратаев.

Айылдык кеңеште жалпы 11 депутат бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×