Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 22.10.2018 15:53

Жумгалда 1,2 млн сомго курулуп баштаган спорт комплекс тонолуп, мал сарайга айланды (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында мамлекеттин 1,2 млн сомуна курулуп баштаган спорт комплексинин курулушу бүтө электе талкаланып, тонолгон. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаттары кезектеги сессияда билдиришти.

Бюджеттик комиссиянын төрагасы Барчынбек Орозобеков РТСтин (райондук техникалык сервис) карамагында турган мурунку имарат акыры айыл өкмөттүн карамагына алынып, спорт комплексинин долбоору иштелип чыкканын билдирди. Ошондой эле 1,2 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

«Мындайча айтканда, учурда бул спорт залда жергиликтүү мал-жандыктар футбол ойнойт. Босогосу көңгө толгон. Ал эми майда жандыктар жыгачтан жасалган полдо эс алып, көлөкөлөшөт.

Муну дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси кылабыз деп, РТСтин балансынан Чаек айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп, 1 млн 200 миң сомго терезелери келип, полу жасалып баштаган. Кийин минтип тонолуп кетти. Экинчи кабатка чыга турган темир тепкичти кесип кетишти. Биз улам РИИБге кайрылып жатып, кайра алдыртканбыз. Андан кийин тик кылып тепкич орнотуп коюшуптур. Андан бир бала кулап түшүп, бутун сындырды. Айыл өкмөт башчылары иштесе тонолмок эмес. Азыр бул жерде эч нерсе калбай калды.

Айыл өкмөттүн имаратынын маңдайында жайгашкан бул жай кароосуз турат. Терезесиндеги айнектеринен бери чыгарып кетишкен. Жерге төшөлгөн кафелдер талкаланган. Бүгүнкү күндө мамлекет берген 1,2 млн сом жок болду», - деди Орозобеков.

Ал эми айыл тургуну Жакия Эсенгелдиев: «Келген инвесторлордон пайыз бөлүп алуу, акчасын алып курулушту аягына чейин бүтүрбөй коюу же алып койгон жабдыктарын өз кызыкчылыктарына колдонгондор качан токтойт? Укук коргоо органдары эмнеге текшерүүгө алышпайт? Финполиция дегендер жылда 2-3 жолу келип текшеришет, алар эмне аныктап чыгышпайт?», - деди.

Ал эми айыл өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Айгүл Токтоналиева бул спорт ордосу боюнча толук маалыматы жок экенин, убагында 1-транш менен 1,2 млн сом келгенин айтты. Бирок дагы каражаттын жетишсиздигинен улам курулуш иши токтоп калганын кошумчалады.

«Учурда чындыгында тонолуп, кароосуз калды», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×