Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 22.10.2018 18:21 На русском

Чаек айылдык кеңеши таркады

Turmush -  Жумгал районунда Чаек айылдык кеңеши таркады. Мындай чечим 18-октябрда айыл өкмөт башчысы эки ирет шайланбай калгандан кийин кабыл алынды. Бул тууралуу БШКнын Жумгал районундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Биринчи шайлоо 27-августка, экинчи шайлоо 29-августка дайындалып, бирок талапкерлердин жоктугунан шайлоо өткөн эмес.

БШКнын Жумгал районундагы өкүлчүлүгү билдирген маалыматка караганда, учурда айылдык кеңешке шайлоо 2-декабрга дайындалды.

Айылдык кеңеш 21 мандаттуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×