Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 25.10.2018 11:31

Элет көйгөйү: Чаектин Топ-База аймагында таза суусуз жана электр жарыгысыз жашаган тургундардын арманы (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Татыр айылындагы Топ-База аймагына электр жарыгы менен таза суу толук жеткирилбей келет. Анда жашаган он бешке чукул түтүн элдин 3 жылдан бери арызданбаган жери калган жок. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, мындан 3 жыл мурда БУУнун өнүктүрүү программасынын жардамы менен аталган аймакка таза суу тартылат деп, 1 млн 80 миң сомго долбоор жазылган. Кийин ал долбоор өтүп, таза суу тартылып баштаган. Бирок иштер аягына чыкпай, суу аймакка толук жеткен эмес. Мындан улам айрымдары тоо этектеги булактардан суу ташып ичишсе, айымдары арыктагы сууну колдонушат. Мындан тышкары 480 миң сомго БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан жаңы трансформатор орнотулган, бирок ал дагы өз убагында ишке берилген эмес.

Айыл тургуну Шарипа Асанбекова: «Айыл өкмөттүн башчысы улам алмашат. Эми депутаттар дагы тарап, кайра шайлоо дайындалыптыр. Биз оокат кылабызбы же ушул саясий шайлоолорду гана карап отурабызбы? Шайланган депутаттарыбыз элдин көйгөйүн чечишпейт, алардын бири да басып келип сурап коюшкан жок. Үйлөрүбүздө суу жок, жарык жок. Тоодо жашагандай эле болобуз. Өкмөт качан көңүл буруп, ушул маселелерди карап чечип беришет?», - деди.

Ал эми жергиликтүү кеңештин мурунку депутаты Барчынбек Орозобеков аталган аймактагы көйгөйлөрдү бир нече жолу кеңештин сессиясында көтөргөнүн, бирок жаңы келген айыл өкмөт башчылар ишти карабай таштап коюп, анын запкысын эл тартып жатканын айтты.

«Ушундай эле доолбор менен трансформатор райондун 10 чакты айылына келген. Учурда баары орнотулуп, иштеп келет. Бир гана ушул Чаек айыл өкмөтү орното албады. 2015-жылдан бери 3 айыл өкмөт башчысы алмашты, келишет, кайра кетишет, иште жыйынтык жок.

Ак-Татыр айылына, аны менен катар ушул Топ-База аймагына 1 млн 80 миң сомго таза сууга акча бөлүнгөн. Бирок акча белгисиз болуп, прокуратурага да арыз менен кайрылганбыз. Алар БУУнун өнүктүрүү программасы жеке уюм экен, аларды текшере албайбыз деп коюшту.

Биз таза суунун башын кайра-кайра көрсөтүп келдик, ал жактагы резервуарга 100 куб суу толтуруш керек болчу. Бирок 60 куб гана суу толтурулган. Акча көзөмөлдөнбөгөнү үчүн ушундай болуп жатат», - деди Орозобеков.

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Айгүл Токтоналиева аталган трансформатор боюнча жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом акча каражаты бөлүнбөй, иш токтоп калганын билдирди. Мындан улам аталган каражатты эл тарабынан чогултууга аракет кылынган, бирок ал дагы ишке ашкан эмес. Ал эми таза сууга БУУнун өнүктүрүү программасынан 938 миң 850 сом бөлүнүп, суунун башкы резервуары Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан 2006-жылы гана курулуп ишке берилгенин кошумчалады.

«Бирок учурда таза суу жалпы элге жетпей жатканы чын», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×