Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 26.10.2018 16:39 На русском

«Тагдыр»: Д.Токтобаеванын инсульттан оң колу кыймылдабай калган уулу балдары менен бирге устачылык кылат

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Максат Кыдыралиев инсульттан жабыркаганына карабай, балдары менен апасын багуу үчүн темир устачылык менен алектенип келет.

66 жаштагы апасы Дарыя Токтобаеванын айтымында, Максат 1976-жылы Чаек айылында төрөлгөн. Алгач айылдагы Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинде окуган, андан кийин А.Өмүралиев атындагы №26 кесиптик лицейинде билим алган. Андан соң армияда кызмат өтөгөн. Учурда анын 1 кызы жана 2 уулу бар.

«Уулум үй-бүлөсүн багуу үчүн ар кандай жумуштарда иштеди. 2011-жылы Жумгал суу курулуш ишканасында иштеген. 2015-жылы инсульт болуп, ден соолугунан айрылган. Учурда жакшы сүйлөй албай, оң колу иштебейт. Колуктусу ушул эле райондон. Ал бир ай мурда туугандары менен келип, оокаттарын жыйнап, кызын колуна жетелеп, жашабай турганын айтып чыгып кеткен. Балдарын, оорукчан күйөөсүн таштап кетти. Ал келин буга чейин үйдү күрөөгө коюп, банктардын биринен 250 миң сом алган. Кайда жумшаганын билбейбиз. Банктан келип коколоп, үйдү сатабыз дегенге чейин барышты. Бирок жакында эле туугандары менен насыяны төгүп, үйдүн китебин алып келип берди», - деди Д.Токтобаева.

Максат Кыдыралиев балдары менен бирге көсө, калак, казык, мык сууругучтарды жасап, райондун борборундагы дүкөндөргө өткөрүп оокат кылат.

«Баламдын ден соолугуна байланыштуу Чүйгө көчүп кетели деп жатабыз. Уулумдун жашап турган үйүн сатып, анын акчасына Кара-Балта шаарынан үй сатып алсам деген ою бар.

Балдары чоңоюп келе жатат. Улуу баласы 9-класста, андан кийинкиси 7-класста, ал эми кичүү кызы 2-класста окуйт», - деди ал.

Ал эми Дарыя Токтобаеванын мурунку келини анын мындай пикирине кошулбай турганын, насыяны күйөөсүн ооруканага көрсөтүү, ага дары-дармек алуу үчүн алганын билдирди.

«Мен күйөөмдү ооруп калганда таштап кеткеним жок. Таштасам 4 жыл мурда эле таштамакмын. Үй-бүлөдөгү пикир келишпестиктерден улам ажыраштык. Мен кызымды алып төркүнүмө кете бергем. Банктан алган насыяны төгүп берип, үйдүн кызыл китебин алып барып бергем. Менин башка айта турган кебим жок», - деди ал.

Бул үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар 0705 56-17-09, 0777 76-26-25 номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×