Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 29.10.2018 17:19

Байзактын чыга беришинде жашагандар суу чоргосу сынып, таза суу ала албай убайым тартышууда (видео, сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылынын чыга беришинде жашаган тургундар суу чоргосу сынып калып, таза суу ала албай убара тартышууда.

Жергиликтүү Жаныбек аттуу аксакалдын айтымында, учурда алыстан чакалап суу ташып ичүүдө. Жашоочулар сынып калган суу чоргону оңдотуу үчүн бир нече жолу айыл өкмөткө кайрылышкан. Бирок жыйынтык чыккан эмес.

«Бул суу түтүктүн чоргосу сынып калганына бир топ болду. Айыл өкмөтүнө айтып жатып ооз деле тешилди. Айла жок желим шланг көтөрүп келип, сынган чоргонун түбүнө тыгып алып суу алабыз. Антип алганда суу таза болобу, шланг тазабы, талапка жооп береби? Биз анын жообун билбейбиз. Болгону суу алуу үчүн ушундай кадамдарга барып, тобокелге салып суу ичип келебиз. Бирок суунун акысын өз убагында төлөйбүз, кечиктирсек коколошот. Оңдоп бергиле десек малга теңеп коюшабы, билбейм», - деди Жаныбек аксакал.

Бул маселе боюнча Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы аталган суу чоргосу бир нече ирет оңдолгонун, бирок тургундар аны кайра эле сындырып жатышканын айтты.

Ал эми райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери буларга токтолушту: «Ал шланг кандай жерде сакталат, аны чоргого чейин кандай абалда алып келишет, ким билет? Таза эмес суудан ичеги оорулары пайда болот. Ошондуктан тез арада айыл өкмөтү суу чоргосун оңдоп, элге шарт түзүп бериши керек».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×