Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 31.10.2018 12:09

Таяныч Каратаев Жумгалдын Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды (өмүр баяны)

Turmush -  26-октябрь күнү Жумгал районунда Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтүп, 58 жаштагы Таяныч Каратаев Асанбекович көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болду. Маалым болгондой, ал айылдык кеңештеги 11 депутаттын ичинен 6 эл өкүлүнүн добушун алган.

Айыл өкмөт башчылыкка талапкерлер – Каныбек Сламов, Тынчбек Исаков жана Таяныч Каратаевдер болушту.

Буга чейинки айыл өкмөт башчысы Элмира Мамбетова октябрь айынын башында ээлеген кызматын өткөрүп берген. Ал бул кызматка 2016-жылдын 29-январында келген.

Т.Каратаев 1960-жылы 26-февралда Көк-Ой айылында туулган. Үй-бүлөдө 7 бир тууган. Кесиби жогорку, мурунку Фрунзедеги политехникалык институттун механика жана машина куруу факультетин аяктаган.

1977-жылы кормоцехтин машинисти болуп иштеп, 1978-1980-жылдары аскерде кызмат өтөгөн. 1980-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун даярдоо бөлүмүндө кызмат кылган. 1986-1988-жылдары Миң-Куштагы «Оргтехника» заводунда мастер, 1988-1994-жылдары Көкө-Мерен совхозунда башкы инженер, 1994-2008-жылдары дыйкан чарбанын мүчөсү, 2008-2012-жылдары жергиликтүү кеңештин төрагасы болсо, 2018-жылдан бери Көк-Ой айыл өкмөтүндө экономист-статист кызматын аркалап келген.

Үй-бүлөлүү, 4 баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×