Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 01.11.2018 16:05 На русском

Байзактын Арка аймагында таза суу үчүн казылган жерлер көмүлбөй жатат, - тургун (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылында таза суу үчүн казылган жерлер түтүк орнотулган соң көмүлбөй жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Айзада Тилекматова билдирди.

«Бул Байзак айылынын Арка аймагы, айылдын босогосундагы жаңы конуш. Аталган конушка таза суу тартылган. Бирок суу түтүктөр үчүн казылган жерлер кайра көмүлгөн эмес. Бул көрүнүшкө ким жооп берет? Суу түтүктөрү көрүнгөн бойдон турат. Эми кар жааса анысы тоңуп жарылат. Анан суусу жок калабыз. Алдын ала чара көрүлбөйт», - деди Тилекматова.

Ал эми айыл өкмөтүнүн суу пайдалануу ассоциациясы кызылган жерлер жакын арада көмүлө тургандыгын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×