Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 15.11.2018 09:56 Жаңыланды: 15.11.2018 11:03

Айылдаштарга белек. Кызыл-Жылдызда 2,7 млн сомго футбол аянтча курулду (видео, сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында 2,7 млн сомго кичи футбол аянтчасы жуунучу жайы менен кошо курулуп, ачылыш аземи белгиленди. Айыл өкмөт башчысы Бектур Кыдырмаевдин айтымында, жергиликтүү тургун Каныбек Казыбеков аталган футбол талаасы курулган жерди айылдаштарына белек кылган.

Тактап айтканда, ал өзүнүн Бишкек шаарындагы жерине футбол аянтчасы түптөлгөн жер тилкесин айырбаштады.

Иш-чарага айыл аксакалдары, тургундар жана жаштар катышып, элди ынтымакка чакырган айыл өкмөттүн жамааты колдоо көрсөткөн инсандарга сыйлоо баракчаларын тапшырды.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×