Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 20.11.2018 18:50 На русском

Жумгалда 32 жаштагы киши уктап жаткан кызды зордуктап, сабаган. Сот өкүм чыгарды

Turmush -  Жумгал райондук соту мурда соттолгон 32 жаштагы Каниетке (ысымы өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш иш боюнча өкүм чыгарды. Айыпталуучунун бир кызы бар экени соттун токтомунда айтылат.

Каниет 2011-жылы 17-февраль күнү саат 03:00 чамасында Жумгал районунун Чаек айылындагы үйдүн жарыгын өчүрүп, бычагы менен эшикти талкалап кирип, уктап жаткан Айгеримди (ысымы өзгөртүлдү, кылмыш жасалган учурда ал 14 жашта болгон) муунтуп, тумчуктуруп, сабаган. Өспүрүм кыз бошонуп кыйкырганда апасы ойгонуп келген. Каниет аны да ур-токмокко алган.

Айыпталуучу ушул эле күнү саат 05:00 чамасында башка үйдүн электр зымын кесип, үйгө кирип, уктап жаткан Шамираны муунтуп, зордуктаган. Анын жанында жаткан апасы ойнонуп кеткенде аны да муунтуп, сабап кетип калган. Шамира сот отурумунда зордуктоо боюнча тагылган айыпты колдогон жок.

Тинтүү учурунда Каниеттин үйүнөн 25,5 грамм марихуна табылган. Ал сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартып, кечирим сурады.

Жыйынтыгында сот Каниетти 3 жыл 3 айга эркиндигинен ажыратып, жазасын жатак абакта өтөөсүн белгиледи. Ошондой эле ага 5 миң сом айып салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×